Нарбаевдин күчүн албасак да, сунушун уксак эп болмок

Мезгил

Кыргыз саясатында ыгы жок эле алдыга жутуна бербеген оор салмактуу бир инсан бар. Ал Каныбек Нарбаев! Каарманыбыздын билими менен басып өткөн жолуна, тажрыйбасына кеп жок. Премьер-министрликке бышып жетилген, запастагы өкмөт башчы десек жарашат. Өзгөчө өлкөдөгү курулуш менен өндүрүштүн күңгөй-тескейин терең өздөштүргөн, бул жааттын коен жатагына чейин билген дасыккан адис экенинде кеп жок. Дал ушул агабыз соңку убакта интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкөдөгү курулуш жаатындагы, айрыкча, баш калаанын архитектуралык абалына тынчсызданып, андагы көйгөйлөрдү ташка тамга баскандай белгилеп, ага удаа аны чечүүнүн жолдорун сунуштап чыгууда. Бир катар колдоого алчу идеяларды көтөрүп, аны чечүүнү келечектеги парламентке дейре жолдой турганын билдирип, айтор, мамлекетчил кадр экенин далилдөөдө. Тажрыйбалуу, колунан иш келген, унчукпай жүрүп үйдөй иштерди бүткөргөн мындай кадрдын күчүн албасак да, сунуштарына жогорку төбөлдөр кулак салышса алды утуш гана болмок. Кыргыз парламенти “тилинен башка берекеси жок” ыпы-сыпыр саясатчылардан эмес, дал ушундай сөзү менен иши айкалышкан Нарбаевдей оор салмактуу инсандар менен толукталса эмне? Күтө туралычы, балким каарманыбызга Кудай оомат-дөөлөттү ыроолоп коер…    

Мезгил ньюс  

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *