Нариман Түлеев: “Атамбаевдин психо-неврология бөлүмүндө каттоодо турганын мага врачы айткан”

Мезгил

Мурдагы президент  Алмазбек Атамбаев акыркы бир-эки айдын ичинде өзүнүн деңгээлин көрсөттү. Эл бул кишини түшүнгөн эмес, “жакшы иш жасап жатат” деп жүрүшкөн. Акыркы жети жылда Атамбаев өз жакындарын жумушка алып келип, коррупция менен гана иш алып барган. Жети жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй байыды. Бул жылдары мамлекетти талкалап кетти деген пикирин Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев билдирди.

– Атамбаев жеке эле мага эмес, миңдеген кишилерге жаман таасирин тийгизип кетти. Миндеген адамдын ата-энеси жакындары бар, алардын көз жашы канча… Ошолордун баарынын каргышы тийди. Кан менен келди эле, кан менен кетти. Эми ушуну менен “Атамбаев” деген теманы жабышыбыз керек. Атамбаев бүттү, токтотушубуз зарыл. Болбосо бүт ишибиз калып калды. Эми мыйзам менен иш алып барышыбыз керек.

Алмаз менен абдан жакын мамиледе элем. Жакшы мамиледе болсок да аны премьерликке сунуштаганда колдобой койгомун. Ошол учурда мага Транспорт министрлигин, вице-премьер-министрлик кызматтарды сунуштады, бирок макул болгон жокмун. Ал кызматтарга барбадым. Ага “иштегенге мээң жетпейт, иштей албайсың, оорулуусуң, сен дарыланышың керек” деген бир топ сөздөрдү айтканмын. Себеби, Атамбаевдин врачы мага анын Бишкек шаарындагы Донецкийде жайгашкан психо-неврология бөлүмүндө каттоодо турганын айткан. Ошентип каршы айткандарымдын баарын сактап калып, мени камашты. Жеке эле мени эмес, ата-энем, бир туугандарымдын оокаттарын тартып алып, мага эмне гана кылган жок. Депутаттарга, саясатчыларга мени мисал кылып “оңго-солго кыйшаңдасаңар Түлеевдей болуп кете бересиңер” деди. Баары айткан нерсесин жасап беришти – деди Түлеев.

Мындан сырткары Атамбаевдин 2010-жылдары, шайлоо учурунда акчасы жок болчу. Шайлоого көп кишилерден акча алган. 2-3 миллион доллар бергендер бар алардын баары эми ачыктап айтышы керек. Алмазбек Атамбаевде акча болгон эмес. Бул эч качан бизнес кылып көргөн эмес. Эми тергөөдө терең изилдеп, Атамбаевдин заводдору канча сомго, кайсы акчага алынганы текшерилиши керектигин кошумчалады Бишкек шаарынын мурдагы мэри.

– Атамбаев элди алдап, элдин оюн башка нукка буруп коюуга “мастер” да. Элди канча алдап келди. Албетте Атамбаевдин кадрларынын баарын кетирип, системаны тазалашыбыз зарыл. Бирок тазалайт десе эле Баикевдин кадрларындай кылып күч менен сүрүп чыгарбай, өздөрү арыз жазып кеткендей болушу керек. Булардын кызматта отурууга маралдык укугу жок. Калп эле “жогорку кызматта туугандарым жок” дегени менен азыр да билем, туугандары кызматта отурат. Күйөө балдарын алып келип кызматтарга койгон – дейт Нариман Түлеев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *