Нарко курьерлерге аңчылык сезону башталдыбы, же бул жөн эле кезектеги маски шоубу?

   Мезгил

11-август. Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБнин кызматкерлери биргеликте Кара-Көл шаарынан Volvo жүк ташуучу унааcын токтотушкан. Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөп, аны Россияга алып бара жаткандыгы тууралуу айткан.

Жүк ташыган машине Кадамжай РИИБнин тергөө кызматына кайтарылып  келинген. Анткени укук коргоо органдарына Баткен облусунун Үч-Коргон айылынан жүктөлгөн мөмө-жемиштерге баңги зат жашырып, аны Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн эле. Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет табылган. Анын алдын ала өлчөөлөрдө болжолдуу салмагы 44 килограмм 300 граммды түзгөн. Маң зат 999 деп аталып жүргөн героин экендиги аныкталды. Ага тиешелүү экспертизаларды жүргүзүү жагы колго алынды.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экен. Ага издөө жарыяланды.

12-август. ИИМдин Мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү боюнча күрөшүү сеторунун (СБНОН) маалымат кызматы 12-августта нарко топтун мүчөсү маң зат менен кармалгандыгы тууралуу маалымат таратты. Жүргүзүлгөн иш чаранын татыйжасында кармалган наркотоптун активдүү мүчөсүнүн жанынан 13 кг 530 гарамм героин табылган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек түрк жараны айдоочу болгон, түрк компаниясына тиешелүү жүк делинип, ташылып бараткан халвалардын арасынан Германияда 670 килограмм афган героини кармалган. Чуулгандуу жүк Кыргызстандан жиберилген деген маалымат Мыйзамсыз баңгизат жүгүртүү боюнча күрөшүү сеторунун ишмердигине бир топ көлөкө түшүргөн эле. Андан берки болуп жаткан жогорудагы ири көлөмдөгү нарко затын колго түшүрүү иштери Кыргызстанда нарко курьерлерге болгон аңчылык сезону чын эле башталдыбы? Же бул жөн эле кезектеги маски шоубу? Германияга чейин героин жиберип турган уюшкан топтун бети чын эле ачылганы калдыбы? – деген суроолор өзүнөн-өзү жаралууда.

 Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *