Нарын: Дагы 9 медицина кызматкери коронавирус жуктурду

 Мезгил

Бүгүн, 20-майга карата Кыргызстанда жаңы 27 бейтап коронавирус менен каттоого алынды. Алардын ичинен 9у   медицина кызматкерлери.

Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди. 

 Анын айтымында  жаңы аныкталган медицина кызматкерлеринин баары Нарын облусунда. Акыркы суткада ооруканада дарыланып жаткан 3 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча 266 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 221 адам айыкты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *