Демөөрчү издейбиз: Нарын облусу 300 кычкылтек концентратору жана 17 ИВЛ керек

Мезгил

Жакында демөөрчүлөр тарабынан облуска 19 кычкылтек концентратору берилген. Облус жетекчиси бул тартыш экенин билдирип, дагы жардам сурап кайрылды.

Эмилбек Алымкуловдун айтымында, облустук жана райондук ооруканаларда учурда 153 кычкылтек концентратору пайдаланылып жатат. Бирок, бул көрсөткүч жетишсиз экени, облуста дагы 300дөй аппаратка муктаждык жаралууда. Ал эми өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат бар, дагы ушундай 17 жабдуу жетишпей жатат.

Ал эми мамлекеттик бюджеттен дагы керектүү медициналык жабдууларды алууга каражат бөлүнүп жатканын кошумчалады. Алымкулов облус аймагындагы базарлардын ишине чектөө киргизилип жатканын да кошумчалады.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *