Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилди

  Мезгил

Нарын облусунун Нарын шаарына жана Ат-Башы районунун аймагына өзгөчө абал киргизилди. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  

Жарлыкта белгиленгендей, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалды.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19 факт тастыкталган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *