Нарында абал курч. Кыргызстанда дагы 60 адамдан коронавирус аныкталды

    Мезгил

    Бүгүн, 30-майга карата Кыргызстанда дагы 60 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу  маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы бейтаптар Бишкек шаарында, Нарын жана Чүй облустарында катталды. Муну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1722 адамга жетти. Акыркы суткада 25 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 23 адам + 2 Россиядан келген курсанттар;
  • Чуй облусунда 1 адам + Россиядан келген 2 адам;
  • Нарын облусунда 32 адам.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *