Насыясын убагында төлөй албагандарды айыппул төлөтүүгө тыюу салынды

Мезгил

Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктардан жана башка каржы-насыя уюмдарынан насыя алган ишкерлерди колдоо тууралуу токтом чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында  насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынды жана насыяны төлөө мөөнөтүн кеминде үч айга узарта туруу сунушу берилди.

  • кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

  • кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

  • берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде үч ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;

  • кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

  • Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.

Ошондой эле Улуттук банктын тѳрагасы «бүгүндѳн баштап коммерциялык банктарда инспекциялык текшерүүлөрдүн баары коронавируска байланыштуу абал турукташканча токтотулду деп билдирет.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Улуттук банк алардын ишин жөнгө салат.

Мезгил

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *