Назарбаев: Эгер кайрадан президенттикке талапкерлигимди койсом, эл мени 100 пайыз колдооруна ишенем

    Мезгил

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев президенттик шайлоого кайрадан талапкерлигимди койсом, эл мени 100 пайыз добуш берээрине ишенимдүүмүн деди.   

Назарбаев бул тууралуу Нур-Султанда өтүп жатан Астана экономикалык форумунда билдирди.  

 Ал чет элдик коноктордун суроолоруна жооп берип жатып, Казакстанда кыйын кезең болуп турган учурда экономикасын көтөрүүдө кандай кыйын жолдорду басып өткөнүн айтып берди.    

  “Беш жолу шайлоого катышып жеңишке жеттим. Кандай жагдай болбосун ийгиликке жетүү үчүн президент калк менен бирге болуусу керек. Ар бир шайлоо сайын мага 85 пайыздан кем эмес добуш беришчү. Президенттик мөөнөтүм бүтө элек болгонуна карабай, кызматымды тапшыруу тууралуу чечимге келдим. Бирок эгер шайлоого кайрадан талапкерлигимдм коё турган болсом, эл мени дагы да 100 пайыз колдой турганын билем деди.  

 Эске салсак, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 19- март күнү президенттиктен кеткен.

Ал эми Казакстанда 9-июнь күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Ага 7 талапкер ат салышмакчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *