Назик Матраимованын атын жамынып “Фейсбукта” билдирүү жазган жигиттин кармалышы “фейк” (видео)

  Мезгил

   Матраимовдордун үй-бүлөсүнө болгон чабуул коюулар интернет айдыңын да каптады. Назик Матраимованын 18 жашка толгон туулган күнүн борбордогу кымбат баалу делген “Хаятт Ридженси Бишкек” мейманканасынын клубунда тоскондугу социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан. Туулган күндүн эртеси “бийликтегилердин баары досторубуз, атам байлыгын ак мээнети менен иштеп тапкан. Кыргызстанда 25 миң еврону 2 айда иштеп таап койсо болот” деген маанидеги посттор жазылып, күйүп жаткан отко май куйгандай эле болгон. Көрсө 18ге толгон Назиктин атына жамынып алып кимдир бирөөлөр жазып жатыптыр. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов өзү “саясатка үй-бүлөнү, кичинекейлерди аралаштырбай эле коюшса” деген маанайын билдирген.

Кечөө кечинде Назиктин атынан “фек” маалыматтарды тараткан бала кармалып, интернет аркылуу андан кечирим сураган видео таратылган. Көрсө коомчулуктун назарын буруу үчүн кимдир бирөөлөр муну да “жасап чыгышптыр”. Башкача айтканда бул да жасалма, “фейк” маалымат экендигин Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Давран Касымов билдирди. Анын айтымында бул ишке Матраимовдордун тиешеси жок, баары мыйзамдын чегинде болушу керек. Азырынча Назиктин атынан жасалма билдирүүлөрдү тараткан жаран кармала элек.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *