Некролог: Бөдөш Мамырованын жолдошу, академик Кадырбек Сакиев каза болду

Мезгил

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Мамырова Бөдөш Аманбаевнага жолдошу Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сакиев Кадырбек Сатыбалдиевич кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Ал бүт өмүрүн илимий иштерге арнап, эл үчүн ак эмгек өтөдү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады.

Кадырбек Сакиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору, геолого-минералогия илимдеринин доктору, Россия табият илимдери академиясынын ардактуу Академиги болчу. Анын 200гө жакын илимий эмгектери, макала жана китеп түрүндө жарыяланган.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Нурманбет Токтоматов,

Ахматбек Келдибеков,

Курманбек Осмонов,

Камчыбек Ташиев,

Бекболот Талгарбеков,

Турсунбай Бакир уулу,

Токтомурат Сатаров,

Надира Нарматова,

Марат Султанов,

Нурлан Сулайманов,

Жылдызкан Жолдошева,

Элмурза Сатыбалдиев,

Рысбек Мирзаматов,

Нариман Түлеев,

Марат Кайыпов,

Урмат Аманбаева,

Камила Талиева,

Нурлан Турсункулов,

Жаныбек Бекназаров,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Нурзат Осмонова,

Жумабек Салымбеков,

Амантур Молдоташов,

Керим Сарбашев,

Руслан Исаков,

Нурлан Максутов,

Каныбек Темиров,

Алтынбек Жумаев,

Медербек Сатыев,

Таалайбек Рысалиев

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *