Некролог: Белгилүү коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев каза болду

Мезгил

Коомдук-саясий ишмер Мукар Чолпонбаев менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымын кошкон ушундай инсандардын бул дүйнөдөн өтүп кетиши баарыбыз үчүн орду толгус оор жоготуу.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышынын жана «Легендарлуу парламенттин» тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышынын депутаты болгон.

Ал Кыргыз мамлекеттик университетин, Ташкент башкаруу жана политология институтун аяктаган соң, эмгек жолун Май районунун прокуратурасында жөнөкөй тергөөчү болуп эмгектенүүдөн баштаган. Ошондой эле  Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, Чүй обусунун юстиция башкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында бөлүм башчысы кызматтын аркалаган. Кыргыз Республикасынын юстиция министри болгон.

Мукар Чолпонбаев кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз элине, өлкөсүнө ак кызмат кылууга арнады. Чыныгы жаратмандыктын, таза жашоонун, бийик адамгерчиликтин, мекенчилдиктин өрнөгүн көрсөттү. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле жасады.

Ал жогорку окуу жайлар үчүн “Гражданское право”, “Право интеллектуальной собственности”, “Законодательство о дисциплине труда” окуу китептерин жазды. Ошондой эле 16 илимий макаланын автору болчу.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Курманбек Осмонов,

Бекболот Талгарбеков,

Турсунбай Бакир уулу,

Бөдөш Мамырова,

Улугбек Ормонов,

Элмурза Сатыбалдиев,

Камчыбек Ташиев,

Нариман Түлеев,

Надира Нарматова,

Марат Султанов,

Керим Сарбашев,

Рысбек Мирзаматов,

Марат Кайыпов,

Иман Кочкорбаев,

Жаныбек Бекназаров,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *