Некролог: Болотбек Шерниязов мекендин мекенчил уулу эле

Мезгил

Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү коомдук – саясий ишмер Шерниязов Болотбек Эсентаевич 61 жашында дүйнө салды. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар сейрек кездешет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты «Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири Шерниязов Болотбек Эсентаевич мына ушундай сейрек кездешкен, улуу адам болчу.

Ал кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны эле. Анын кыргыз улуттук маданиятына кошкон салымы орду толгус. Болотбек Эсентаевич белгилүү саясатчы гана эмес улуттук оюндарын жайылтууга чоң күч жумшаган, «Көк-бөрү» оюнунун эрежелерин, «Улуттук спорт жөнүндө» мыйзамды иштеп чыккан мекендин мекенчил уулу эле.

Болотбек Эсентаевичтин өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү. Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер катары анын ысымы элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат. Анткени, ал өмүрүн өлкөнүн жана өз элинин кызыкчылыгына кызмат өтөөгө арнап, көп жылдык талыкпас жана жаратман эмгек жасады. Саясий ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилдеринде бийликтин акыйкатсыздыгына каршы тартынбай күрөштү. Ѳзүнүн толеранттуу жүрүш-турушу, кызыкчылыктардын компромиссине баруу аркылуу адамдарды бириктирип, ынтымакка чакыргандыгы менен кесиптештеринин арасында бийик кадыр – баркка ээ болду.

Болотбек Эсентаевич ишенимдүү кесиптеш, улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон жоопкерчиликтүү инсан эле. Турмуштук тажрыйбасынын молдугу, акылмандыгы, кесипкөйлүгү менен айырмаланып турчу. Биз бүгүн жөн эле инсандан эмес, кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, зирек саясатчыдан айрылып отурабыз.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Ахматбек Келдибеков,

Курманбек Осмонов,

Камчыбек Ташиев,

Нариман Түлеев,

Бекболот Талгарбеков,

Турсунбай Бакир уулу,

Бөдөш Мамырова,

Элмурза Сатыбалдиев,

Улугбек Ормонов,

Надира Нарматова,

Рысбек Мирзаматов,

Жаныбек Бекназаров,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *