Некролог-Дастан көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган мекенчил азаматтарыбыздын бири эле…

Мезгил

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Жапаров Садыр Нургожоевичке уулу Дастандын дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Кайгыдан кабыргабыз кайышып турат. Дастан чынчыл, адамгерчиликтүү, билимдүү улан болчу. Ал кыргыз элине, Кыргызстандын жаркын келечегине өз салымымды кошом деген жаш муундун дилгир өкүлү, көкүрөгүндө өрт, көздөрүндө от жанып турган мекенчил азаматтарыбыздын бири эле…

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Дастандын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Курманбек Осмонов,
Бөдөш Мамырова,
Надира Нарматова,
Улугбек Ормонов,
Ахматбек Келдибеков,
Камчыбек Ташиев,
Нариман Түлеев,
Камила Талиева,
Жаныбек Бекназаров,
Кубанычбек Кадыров,
Курманкул Зулушев,
Равшан Сабиров,
Медербек Сатыев

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *