Некролог— Элибиз агартуунун реформатору, миңдеген жаштардын саяпкери, көрөгөч жетекчиден ажырады

  Мезгил

Бүгүн, элибиз агартуунун реформатору, миңдеген жаштардын саяпкери, көрөгөч жетекчиден ажырады. Бүгүн, атпай кыргыз айтылуу окмуштуу уулунан айрылды. Тирүүлүктүн жаркырап күйгѳн бир шамы өчтү. Белгилүү окмуштуу жана бүткүл өмүрүн агартууга арнаган Каныбек Исаков 51 жаш курагында каза болду. Кыргыз билим берүү системасы орду толгус оор жоготууга учурады…

Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков кесипкɵй, ɵз милдетин чоң жоопкерчилик менен аткарган инсан болчу. Атуулдук ариети бийик, билимдүү интеллигент адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Ал бүт өмүрүн агартууга жана билимдүү жаштарды тарбиялоого арнап, көп жылдык талыкпас жана жаратман эмгек жасады. Кайсыл кызматта иштебесин, кайсыл милдетти аткарбасын, ишине адамдык таза ыйман менен мамиле кылды.

Бүгүн биз Каныбек Исаков кандай инсан эле деп суроого, ал Кудай берген кичи пейил мүнөзүнөн танбаган, атуулдугуна чаң жуктурбаган, ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан болчу –деп жооп беребиз. Ажалга айла жок тура… Миңдеген жаштардын саяпкери чын дүйнөгө аттанды…

Бирок, бүгүндөн баштап Каныбек Исаковдун экинчи өмүрү башталды десек жаңылышпайбыз. Анткени, ал ѳзүнүн байсалдуу өмүр жолунда канча деген билимдүү жаштарды тарбиялады. Мына ошол ал тарбиялаган жаштар, анын шакирттери Каныбек Исаковдун жаркын элесин өчүрбөй, улуу устатынын аткарылбай калган асыл иштерин улантат деп терең ишенебиз. Анткени, белгилүү окмуштуунун өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Ахматбек Келдибеков,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Улугбек Ормонов,

Нариман Түлеев,

Турсунбай Бакир уулу,

Надира Нарматова,

Элмурза Сатыбалдиев,

Рысбек Мирзаматов,

Марат Кайыпов,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *