Некролог: Кыргыз эли кыргыз киноискусствосунун акыркы могиканынан айрылды

Мезгил

2019-жылдын 21-декабрь күнү 78 жаш курагында СССРдин эл артисти, Легендарлуу парламенттин депутаты, “Кыргыз кино кереметинин” негиздөөчүлөрүнүн бири, кыргыз кино өнөрүнүн залкар устаты, даңазалуу кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнөдөн кайтты.

Бул күнү кыргыз эли дүйнөнү ийнине көтөрүп турган залкарлардын бири болгон таланттуу уулу Болот Шамшиевден ажырады. Бул күнү кыргыз эли кыргыз киноискусствосунун акыркы могиканынан айрылды. Тирүүлүктүн жаркырап күйгѳн бир шамы өчтү. Кыргыз улуттук маданияты жана киноискусствосу орду толгус оор жоготууга учурады.

Коомдогу нарк-насилди, улутту улут кылган асыл дөөлөттөрдү калыптандырган, муундан муунга өткөргөн, биздин аӊ-сезимибизде ал баалуулуктарды бекемдеген инсандар сейрек кездешет. Болот Шамшиев мына ушундай сейрек кездешкен, улуу талант эле. Ар бир тасмасы классикага айланып калса дагы, ал өзү бул ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан болчу.

Болот Шамшиевдин жараткан тасмалары легендага айланып, урпактарга үлгү болот. Анын кѳѳнѳрбѳс тасмалары дагы нечен жылдар кыргыз улутунун жүзү катары, дагы далай ѳлкѳнү багындырат. Буга жакында эле  Рио-де-Жанейродо өткѳн Олимп оюндарында ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты деген фильмдери көрсөтүлүп, анын ичинде Болот Шамшиевдин “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасы коюлганы далил болот. Бул анын чыгармалары эч качан өлбөй турганын билдирет.

Болот Шамшиев кылымдарды карыткан кыргыз элинин татыктуу уулу, жаратман инсаны. Ал белгилүү режиссер гана эмес улуттук оюндарын жайылтууга чоң күч жумшаган. «Көк-бөрү» оюнунун биринчи эрежелерин иштеп чыккан мекендин мекенчил уулу эле.

Болот Шамшиев ѳзүнүн  байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды. Залкар инсандын чыгармалары ар дайым Мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.  Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Болот агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Курманбек Осмонов,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Турсунбай Бакир уулу,

Надира Нарматова,

Ахматбек Келдибеков,

Элмурза Сатыбалдиев,

Камчыбек Ташиев,

Улугбек Ормонов,

Нариман Түлеев,

Кудайберген Базарбаев,

Марат Кайыпов,

Жаныбек Бекназаров,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *