Некролог: Кыргыз эли улуттук маданиятты ийнине көтөрүп турган залкарлардын биринен ажырады

Мезгил

Бүгүн, элибиз улуттук маданиятты ийнине көтөрүп турган залкарлардын биринен ажырады. Бүгүн, атпай кыргыз айтылуу композиторунан айрылды. Тирүүлүктүн жаркырап күйгѳн бир шамы өчтү. Кыргыз улуттук маданияты орду толгус оор жоготууга учурады…

 Белгилүү композитор жана музыка таануучу Осмонов Кубанычбек Эргешович 70 жаш курагында каза болду. Ал Кыргызстан музыка ишмерлер союзунун төрагасы, 14 жылдан бери Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын директору болуп эмгектенип келген. 2005-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган.

Бүгүн биз Кубанычбек Эргешович кандай инсан эле деп суроого, ал Кудай берген кичи пейил мүнөзүнөн танбаган, атуулдугуна чаң жуктурбаган, ийгиликтерине эч качан төш какпаган, ички маданияты терең инсан болчу –деп жооп беребиз. Ажалга айла жок тура… Булбулдун тили катты…

  Бирок, бүгүндөн баштап Кубанычбек Эргешовичтин экинчи өмүрү уланды. Анткени, ал ѳзүнүн байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды. Ал жараткан “Тоолук кыз”, “Энекебай”, “Мурункуңдай болбойсуңбу кайрадан”, “Аталар” өңдүү мыкты чыгармалары жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет.

  Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Осмонов Курманбек Эргешовичке, маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз бардыгыбыз сиздер менен биргебиз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Исмаил Исаков,

Ахматбек Келдибеков,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Камчыбек Ташиев,

Улугбек Ормонов,

Нариман Түлеев,

Турсунбай Бакир уулу,

Надира Нарматова,

Элмурза Сатыбалдиев,

Рысбек Мирзаматов,

Марат Кайыпов,

Жаныбек Бекназаров,

Иман Кочкорбаев,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров,

Медербек Сатыев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *