Некролог: Саясий ишмерлер Роза Отунбаевага көңүл айтты

Мезгил

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага апасы Салийка Даниярованын  дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Оор жоготуу. Орду толгус жоготуу. Бирок, Салийка Даниярова  кылымдардын кыйырын кырча басып келаткан кыргыздын тарыхында, жеке тагдырынан журт намысын жогору койгон, өзүн көрпенделик турмуштан бийик туткан, элдин келечеги үчүн, акыйкат үчүн, бийликтин адилетсиздиги үчүн күрөшкөн нечендеген уул-кыздарга татыктуу билим берген ардактуу мугалим катары биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат.

Роза Исковна, апаңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Аза кайгыңызды тең бөлүшөбүз.

Исмаил Исаков,

Ахматбек Келдибеков,

Бекболот Талгарбеков,

Бөдөш Мамырова,

Турсунбай Бакир уулу,

Камчыбек Ташиев,

Нариман Түлеев,

Надира Нарматова,

Кубанычбек Кадыров,

Равшан Сабиров

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *