Ниязалиева мандат бактысын “Кыргызстан” партиясы аркылуу табаарына көзү жетүүдө

    Мезгил

   Парламенттин эки чакырылышынын депутаты, ага удаа эки ирет министр болгон Дамира Ниязалиеваны билесиңер да. Жумгалдан чыккан “Саячка” апчебиз да жарышка аттанып, алдыдагы аламанда “Кыргызстан” партиясынын байрагын кичи мекенинен көтөрүүгө бел байлаган кербези. Ушул күндөрү жоо-жарагын камданып, айгай салууга камынып калган Дамира айым кичи мекениндеги негизги атаандаштары Абтандил Кулбараков, Алманбет Шыкмаматов баштаган жердештеринин шайын шайлоодо оодараарын элеттеги күйөрмандары билдиришүүдө. Саясаттын күңгөй-тескейин, оош-кыйыштарын кыйла өздөштүрүп, бир катар шайлоолорго катышып көнүп алган “Саячка” апчебиз элдин алуу жагынан тажрыйбасы бар эмеспи, башка саяк туугандарды чаңында калтырып, даңкан салып кетеби? Көрө жаталы. Жумгалдыктар керек кезде кызды колдоштун бийик үлгүсүн көрсөтүп, эч качан жер каратышчу эмес эле, бул сапар да материалдык жактан колдоосун төркүндөрүнөн аянбаган Дамира айымды төбөсүнө көтөрүп алышабы?    

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *