Ниязов: Жээнбеков жана Хабибулла Абдыкадыр тууралуу кайрылуу жазганым калп

  Мезгил

Фарид Ниязовдун колу менен жазылган түшүнүк кат тарады. Анда ал СИЗО-1де камакта олтуруп, мурда эч кандай кайрылуу жасабагандыгы тууралуу жазган:

“Мен, Ниязов Фарид Абилезимович, журналисттер менен жолуккан эмесмин жана Хабибулла Абдыкадыр жөнүндө интервью берген эмесмин. Анткени мен СИЗО-1де камакта олтурам. Басма сөз жыйынын өткөргөнгө жана маек бергенге эч кандай мүмкүнчүлүгүм жок.

Бул кат өз колум менен жазылды жана анык экенин тастыктайм. Ф.А.Ниязов, кол тамгасы. 25-ноябрь, 2019-жыл”.

Эске сала кетчү жагдай, 24-ноябрда КСДПнын электрондук дареги аркылуу Фарид Ниязовдун кайрылуусу таратылган. Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун президенттик инаугурациясын уюштурууда 2017-жылдын 3-ноябрында түзүлгөн атайын уюштуруу тобу алектенгени, ага президенттик аппарат кийлигишпегени жазылган. Ниязов уюштуруу тобундагы 16 кишинин үчөө Алмазбек Атамбаевдин президенттик аппаратынын өкүлдөрү болгонун кошумчалаган. Ошондой эле президенттин аппараты тараткан маалыматты Ниязов калп деп, инагурация учурунда Хабибулла Абдыкадырды Жээнбеков “жакын тууганым” деп айткан, ал маарекеде Атамбаевдин жакындарына караганда сыйлуу жерден орун алган деген. Бүгүн болсо муну төгүндөгөн түшүнүк кат жарыяланды. Фарид Ниязовдун атынан жалган билдирүү жасагандардын жүзү ачылып, жаза алар бекен?

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *