Нонсенс, Абылгазиев гейлерден корккон күн!

Мезгил

 

Ак үйдүн алдында “мектептеги мызамсыз акча чогултууга каршыбыз” деген маанайда митинг болуп өттү. Митингге чыккандардын айрымдарынын түпкү максаты башкада экендиги байкалып калды. Мындан бир аз алдың Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков “мектептеги мыйзамсыз акча чогултууну тыюу боюнча” буйрук чыгарган болчу. Митингге чыккандар бул маселени козгогондой болгон менен айрымдары колдорунда башка маанидеги кермектерди көтөрүп турушту.

Анда “Улуу инсан, белгилүү сүрөтчү, актер Сүймөнкул Чокморовду тебелеген Таалай Чолпонкулов – эл душманы ээлеген кызматынан кетсин!, “Премьер-министр М.Абылгазиев, кол алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агентигинин жетекчиси Таалай Чолпонкуловду кызматынан кетирүү буйругун чыгарууда гейлерден коркуп жатабы” деген жазуулар жазылыптыр.

Эске сала кетсек Башталгыч кесиптик билим берүү агентигинин жетекчиси Таалай Чолпонкулов кызматка келгени №92 лицейди №10 окуу жайы менен бириктирип, анын директору Динара Ашированы 1 жылда 5 эскертүү алган деген шылтоо менен жумушунан алган. Директор өз кезегинде сотко кайрылган. Эми анын колдоочулары бул митингге кыпчыла калгандыгы дайын болуп олтурат. Мурда бул директор мага кол көтөрдү, кызматыма кысым жасалды деген чуулгандуу билдирүүлөрдү да таратып келген.

Ал эми Таалайбек Чолпонкулов болсо Динара Ашированын жатаканаларга башка кишилерди киргизгендиги, студенттерден мыйзамсыз акча чогулткандыгы тууралуу, 1 жылда 5 эскертүү алгандыгы, жарым жылда 24 окутуучуну жумуштан айдагандыгы, 2 жардамчысын 9 жолу алмаштыргандыгы комиссия тарабынан далилденгендигин айтып берген. Ошол эле учурда 2 окуу мекемесин бириктирүү аркылуу 150 студентке болгон 1 директор, 2 орун басар көптүгүн, жылына административдик чыгашаны кыскартуу аркылуу 1 миллион сом үнөмдөлө тургандыгын, бириктирилген окуу жайынын имараттары, багыты өзгөрүлбөй тургандыгын ЖМКга айтып берген.

Эки дөө кагышса ортодо бейкүнөө чымын өлөт деген. Бирок бизди ынандырганы Таалайбек Чолпонкуловдун “1 миллион үнөмдөөгө болот” деген реформаторлугу болду. Ал эми мурдагы директор Динара Ашированы колдоп чыккан мугалим тарапташтарынын митинг учурунда көтөрүп чыккан кермектери бир чети күлкүнүдү келтирет экен. Экинчиден, Таалайбек Чолпонкулов “эл душманы” деген жазуу үчүн экинчи тарапты сотко берсе  боло турган иш экен. Ал эми Башталгыч кесиптик билим берүү агентиги премьер-министрдин кол алдына карап калгандыгы жана Абылгазиевдин кайсыл гейлерден коркуп буйрук чыгарбай жаткандыгы күлүнү гана келтирет экен. Ушуну №92-лицейди бир кезде бакыйып башкарып турган директор жана анын колдогон мугалимдер жазып чыгыштыбы? Сабатсыз кадрлар кайдан чыгат десе, ордумдан кетпеймин деген ушундай мугалимдерден чыгат тура…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *