Нурбек АЛИМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Премьер-министрдин эмгек өргүүгө чыгып кеткени туура эмес болуп калды”

Мезгил

 –Нурбек мырза, карантинден кийин өлкөбүздө ишкерликтин кайсы тармагы бүк түшөт?

–Так айталбайм, бирок, өлкөбүздөгү баардык эле тармак алсырады. Абал оор! Кризис күн сайын кучагын жайып, биздин өлкөнү гана эмес, бүтүндөй дүйнөнү алсыратып баратат. Мындай шартта баарылап жапа тырмак аракеттерди көрүшүбүз керек. Ашыкча ысырапкерчиликти, той-аштарды кыскартып, үнөмдөөгө өтүшүбүз зарыл. Өзгөчө өкмөт азыркыдай оор шартта кырдаалдын күрөө тамырын кармап, чечкиндүү иш-аракеттерге өтпөсө болбойт. Дагы айтам, абал оор.   

–Ошондой оор абалда сыртта кризис күн сайын күчөп, абал жакшы жагына өзгөрбөй жаткан шартта өкмөт башчынын өргүүгө чыгып кетиши кандай деп ойлойсуз?

–Жеке пикиримде, бул жагы туура эмес. Чек ара чыры күнүнө жүз берип, экономикалык катаал катастрофага кетип бараткан азыркыдай шартта өкмөт башчыбыз тигинтип убактылуу эмгек өргүүгө кетип жатат. Ишке качан чыгары белгисиз. Эртеңки кунү эмне болобуз? Өлкөдө башканы кой, тамак-аш коопсуздугубуз коркунучта экенин карантин учурунда билдик. Ушуну өкмөт башчы өзү туюшу керек эле. Анан кантип бизде иш жылат?   

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *