Нурболот Үсөнбаев: Кайсы класстар 11-ноябрдан тарта мектепке бара баштай турганы чечилип жатат

   Мезгил

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев экинчи чейректе окуучулар мектепке барып-келип окуу маселеси учурда каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында  азырынча кайсы класстар 11-ноябрдан тарта мектепке бара баштай турганы чечилип жатат.

“Аймактарда окуу процесси облус башчыларынын, ал жактагы комиссиясынын чечими боюнча мектептердин шартына жараша карала турган болду. Ошондой эле шаарда мектепке 5-класска чейинки окуучулар же 5 жана 11-класстар бара турганын карап жатабыз. Башында эки жума байкаштырып көрүп, балдардын мектепке баруусу эпидемиологиялык кырдаалга таасир этпесе балдар мурункудай окуй баштайт. Себеби балдар билим алышы керек болуп жатат”, – деди ал.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *