Нурболот Үсөнбаев: Кийинки аптада коронавирус жуктургандардын саны көбөйөт

  Мезгил

Бүгүн онлайн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар качан алынышы мүмкүн экендигин айтып берди.

“Биздин алдын ала божомол боюнча, келе жаткан аптада коронавирус жуктургандардын санынын көбөйүшү болот. Бирок анын аркасынан турукташуу жана илдетке чалдыккандарын санынын азайышы башталат. Андан кийин биз ошол өзгөрүүлөргө жараша эпидемиологиялык кырдаалга көз салып, өзүбүздүн сунуштарыбызды даярдайбыз. Кырдаал көзөмөлгө алынгандан кийин карантиндик иш-чараларды жеңилдетүү жана андан ары карантиндик чараларды алып салуу тууралуу сөз кылууга болот”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *