Нурболот Үсөнбаев: Коомдук унааларда жүргүнчүлөр орундуктарда гана ташылат

Мезгил

Бүгүн өкмөт  онлайн  жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коомдук унааларга коюлган санитардык-эпидемиологиялык талаптар тууралуу айтты.

25-майдан тарта Бишкекте коомдук унаалар жүрө баштайт. Үсөнбаев коомдук унаалар да санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди аткарышы керектигин баса белгиледи.

“Транспорттук компаниялардын жетекчилери жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздук шарттарынын сакталышын камсыздашы керек. Жүргүнчүлөр орундуктарда гана ташылат. Ашыкча киши салууга болбойт. Сиздер билгендей такси экиден ашык киши салбашы керек жана жүргүнчүдө, айдоочу беткап болушу зарыл. Коомдук унааларда дезинфекциялоочу иштер жасалышы керек. Ар бир каттамга чыгар алдында унаанын ичи, кармагычтары дезинфекцияланышы кажет. Ортодогу аралык 1,5-2 метрден кем болбошу зарыл. Беткап тагынуу, колду антисептик менен тазалап туруу, самындап жуу керек”, – деди ал.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *