Нурдин Сулайманов Атамбаев менен жолугуп чыкты. Ал эмнени суранды?

Мезгил

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп  анын абалын сурады. 

 Атамбаев  УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Сулаймановдун айтымында Алмазбек Атамбаев 2 орундуу камерада жалгыз кармалууда.

 –Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар экен.  Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Адвокаты да кирип-чыгып атыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды -дейт Сулайманов.

«Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай атам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок”, — деген Атамбаев. 

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлиги тарабынан 8-августта кармалган. Ага бир нече кылмыш иши козголуп,  26-августка чейин камакта калтырылган. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *