Нурлан Мотуев: Жубайым мага кыз боюнча келди. Мен аны, ал мени сүйөт

      Мезгил

Кечээ белгилүү коомдук ишмер Нурлан Мотуев кайрадан үйлөндү. 51 жаштын кырында турган Нурлан мырзанын жүрөгүн багындырган селки 22 жашта. Бул тууралуу ал “Бойдокчулуктун доору бүттү Аллахтын астында никелешип жатам, үлпөт той күздө болот” -деп фейсбук баракчасына жарыялады.  Ал эми биз Нурлан мырза менен байланышып азын – оолак маек курдук.

-Нурлан мырза куш бооңуз бек болсун. Сиздин жүрөгүңүздү багындырган селки тууралуу сөз учугун баштасаңыз?

 -Ассалам алейкум. Мен өзүм Аллахтын астында шариатчыл, таза инсан болгондуктан, жашоомду да таза өткөрөйүн деп дайыма элдер менен, коом менен  керек болсо ошол ургаачы аял заты менен кылган мамилемди адалдаштырайын, Аллахтын астында таза жүрөйүн деп аракет кылам. Андыктан кыздар менен сүйлөшсөм мен көпкө жүрбөйм. Көпкө жүрүп, ойноштук кылып чалчактабайм. Дароо эле нике кыюу сунушун киргизем.

-Ошондо бул канчанчы жубайыңыз?

-Бул менин нике боюнча 3-аялым. Берки экөө менен ажырашып кеткем. Өзү 1997-жылкы кыз, аты Элнура Кеминдин Быстровка шаарчасынан болот.  Мага кыз боюнча келди.  Жашы 22де ишканалардын биринде иштейт. Абдан жакшы, таза кыз.  Мурун 5 маал намаз окучу экен, азыр колдон келишинче 2 маал окуганга каракет кылып жатат. Эң негизгиси мен аны, ал мени сүйөт.

-Алгачкы таанышууңуздар тууралуу кеп салсаңыз. Кантип, кайдан таанышып калдыңыздар эле?

-Мен бир жыл абакта отургандан соң, бир жарым жыл  эркиндикте жүргөм. Анан 2018-жылдын  декабрында  жаңы жыл алдынды Тойота Ленд Крузер   менен Ош базар жакта кетип бара жатсам турган экен. Анан токтоп, жеткирип койсом болобу деп сурандым.  “Кайда барасың, чоң кыз” десем, Арча-Бешикке деди. Үйүнө  жеткиргенче,  таанышып дарегин алып койгом. Ошондон бери эле телефондон сүйлөшүп жүргөнбүз.  Кийин  жолугуп, кафе, той топурларга бирге барып, бири-бирибизди абдан сынашып 1,5 жыл сүйлөшкөндөн кийин үйлөнүү сунушун киргиздим. Ал  макул болду. Ошентип нике кайып буйруп, буюрса үйлөнүп калдык.

-Жубайыңыз коомчулукка ачыкка чыгууга каршы болгон жокпу?

-Бул жолу айттым “биздин кыздар негизи “подлый” болчу эле тийип ажырашкандын мага кереги жок. Кыскасы тиесиң, баарын видеого тартам. Кыргызстандын баарын күбө кылам дедим. Кетип калсаң өзүң шерменде болосуң, анткени сени баары көрөт ойлон жакшылап” десем, бир аз ойлонуп туруп макул болду. “Мен сизди сүйөм, көрмөктөн көрө берсин макулмун” деди өзү. Негизи шарияттын шарты ошол никени элге жарыя кылыш керек. Жашырып үйлөнгөндөй биз 3,5 күндүк  шийиттер эмеспиз, мусулманбыз.  

Мезгил ньюс 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Нурлан Мотуев: Жубайым мага кыз боюнча келди. Мен аны, ал мени сүйөт”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *