Нурлан Насип Аселдин абалы оор бойдон экендигин айтып досторун маалымат таратууда этият болууга чакырды

   Мезгил

Жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган ырчы Асел Кадырбекова өзүнө келе элек. Бул тууралуу анын жолдошу ырчы Нурлан Насип интернеттеги баракчасына жазды. Журналистерди жанра досторун маалымат таратууда этият болууга чакырды.

 Буга чейин дарыгерлер анын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткенин айтышкан. Ошондой эле комадан чыкса, операция жасаларын билдиришкен.

 Эске сала кетсек, 26-июнда 15:30дар чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен биринчи автокөлүктөн бир, экинчи автоунаадан эки кишинин жабыркаганы айтылган. Айрым ЖМКлар ырчы ушул кырсыкта жабыркаган деп жазышууда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *