Нурлан Насип: Интернетте маданият өкүлдөрүнө тийишкен ичи бузук арамдарга теңелгим келбейт

  Мезгил

   Ырчы Нурлан Насип “Анча мынча интернетте маданият өкүлдөрүнө тийишкен ичи бузук арам адамдарга теңелгим келбейт” деген пикирин интернеттеги баракчасына жазды.

 “Буйруса баары жакшы болот деп ишенем. Кыргыз элибиз аман-эсен ушул илдеттен кутулуп чыгып кетсек экен. Анча мынча интернетте маданият өкүлдөрүнө тийишкен ичи бузук арам адамдарга теңелгим келбейт. Кандай үйдө жашайбыз, кандай машина айдайбыз,чачыбызды кырабызбы, ал ар кимдин өзүнүн иши жана мээнети, эмгеги! Жаратканыбыз ар бирибизге маңдайга эмнени жазса ошону көрүп кудайга шүгүр кылып жашайлы”,-дейт  ырчы.

Белгилей кетсек, буга чейин куудул Борончу Кудайбергенов кесиптештерине кайрылып  кырдырган чачын, кыдырган жерин, жеген тамактарын элге жарыялабай эле коюсун өтүнгөн.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *