Нурсултан Назарбаев: Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим

Мезгил

Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев түз эфирде казак элине болгон атайын кайрылуусунда билдирди.

Журт башчысы эгемендүү Казакстандын алгачкы президенти болгонго мүмкүнчүлүк берген өз элине ыраазычылык билдирип, өлкө башчысы болгонуна 30 жылдын жүзү болгонун айтты.

Казак элинин Ажосу президенттин милдетин парламенттин төрагасы Касым-Жомарт Токаев убактылуу аткарарын кошумчалады.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылы Казакстандын туңгуч президенти болуп шайланган.

78 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстандын башында турганына дээрлик отуз жыл болду. Ал бийликке СССР тараганча эле келген. Расмий маалыматтарга караганда, 2015-жылдагы президенттик шайлоодо ал 97 пайыз добуш алып, бешинчи жолу шайланган.

2018-жылы казак журналисттери менен  болгон маегинде Назарбаев «Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү планы жок» экенин айткан. Ал эми былтыр Финляндиядагы сапарында журналисттердин «2020-жылы шайлоого катышасызбы?» деген суроосуна жооп берип жатып ал убакыт дагы бар экенин , өз чечимин кийинчерек жарыялай турганын айткан.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *