Оңго бассам атым өлөт, солго бассам өзүм өлөм. Момбеков күйөрманына алтын саатын белек кылды

   Мезгил

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Ат-Башы районунун тургунуна алтын кол саатын чечип берди.

Белек Төлөгөнов аттуу күйөрман депутатка анын “фанаты” экенин айтып, кол саатын белекке калтырып кетүүсүн суранган.

“Мен сиздин фанатыңыз болом, сиздей депутат болгум келет. Кол саатыңызды сурасам тапшыра алат белеңиз?” – деген ал.

Момбеков  Биринчи жолу  ушундай ыңгайсыз абалга калып жатканын айтып,  алтын кол саатын сураган адамына чечип берди.

“Дагы жакшы саатымды сурадың, бул жактагы эжелер шакегимди сураган жок. Ары ойлондум, бери ойлондум. Оңго бассам атым өлөт, солго бассам өзүм өлөм. Сен да мендей депутат бол. Мен сага саатымды таштап кетем”деди депутат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Алтынбек Жунус уулу Нарын облусуна барышып, калктын көйгөйлөрү таанышып жүрүшөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *