Оңолуп калышыптыр. Кечээ футбол күйөрмандары таштанды таштабай, тазалыкты сакташты

Мезгил

Кечээ футболдук беттеш маалында күйөрмандар эски аянтка таштанды ташташтабай тазалыкты сакташкан. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой,  кечээки Кыргызстан менен Жапониянын мелдеши бүткөндөн кийин эски аянттагы күйөрмандар зонасы таза бойдон сакталды. Таштандыларды атайын челектерге ыргытышкан. Тазаклыктын кызматкерлери анчейин убара тартпаганын айтышкан. Алар тазалык үчүн күйөрмандарга ыраазычылык билдиришти.    

 Белгилей кетсек, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы мелдеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болду. Кыргызстандын улуттук курама командасы Жапондуктардан 2:0 эсебинде  утулуп калды.

 Муну менен Кыргызстан   5-турдук оюндардан кийин тайпада 2-орунда келе жатат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *