Оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтү узартылат

   Мезгил

Кыргыз Республикасынын  унаа транспорт мыйзамы боюнча өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу  депутат Алмазбек Эргешов  Жогорку Кеңештин  бүгүнкү жыйнында  билдирди.

Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты унаа транспорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүмүндө күчүнө кирүү мөөнөтүн тагыраак айтканда 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган мыйзамды, 2025-жылдын 1-январына чейин узартуу болуп саналат.  Жогорууда айтылган Кыргыз Республикасынын мыйзамында жазылган 6-беренесинин алтынчы бөлүгүндө жүргүнчүлөрдүн кол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн унаанын огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан унааларды пайдаланууга тыюу салынат деп жазылган.

Биз ушу мыйзамды 2025-жылга чейин узарталы деп жатабыз. Себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстанда расмий түрдө иштеп жаткан 138 такси кызматы бар экен, алардын карамагында 16миңдей унаа иштейт. Алардын баары патент алып ачык иштеген  авто унаалар. Арасынан 7миңден ашыгы оң рулду унаалар. Ошол себептен өзгөртүү киргизбесек үй бүлөсүн багып жаткан адамдарга зыян алып келет жана социалдык туура эмес көз караштар пайда болушу мүмкүн деп кошумчалады депутат.    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *