Обончу Гүлмира Айдосова: Кайрыктарым бир ата-эненин балдарындай

   Мезгил

     Канчалаган керемет обондордун автору,  аял заты болгонуна карабай,  аккордеонду колуна алып чыгармаларды ийинине жеткире аткарып көпчүлүктүн купулуна толгон обончу  Гүлмира Айдосова алдыда жеке чыгармачылык кечесин тартуулаганы турат. Анда дал ушул обончу, аткаруучу  эжекебиз менен концертинин алдында азын оолак маек курдук.

                   Концертке даярдык

-Саламатсыздарбы.  Кудай буюрса жакында 19-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтүүчү өзүмдүн жеке автордук кечеме даярдыктарыбыз жакшы. Күнү-түнү тынымсыз уюштуруу иштери,  чыгармачылык кеченин түмөн  түйшүктөрү менен алпурушуп, элдин жүрөгүндө  элге жакшы бир маанай тартуулай турган жакшы концерт берейин деп чуркап аракет кылып жүргөн кезим. Буюрса  80-90 пайыз даярдыктар бүтүп калды десем болот. 

Аккордеондун салмагы кыйындык жаратпайт

–Бул кесипти   мектепти аяктаарда же ага чейин кесип тандап, “мен ушул кесиптин ээси болгум келет” дегенге чейин  тагыраагы төрөлгөндө эле кудай таалам ушул өнөр шыбагасын берип, көкүрөгүмө өнөрдүн уюшткусун салып койгон экен. Мына ошондон улам, Рыспай, Асанкалый аталарыбыздын  мындан сырткары  аккордеон менен укмуштай керемет  кайрыктарды аткарган кыргыздын баардык чыгаан инсандарына таасирленип Токон Эшпаев атабыз ошондой эле кыргыздан чыккан обончу азыркы мезгилде КРнын Эл артисти Каныкей Эралиева эжелердин талантына  таасирленип менде да ошондой бир көкүрөгүмдө жанданып чыккан кайрыктарды  ошол аккордеондун  коштоосунда элге жеткирип калганым ошолордун таасири деп сезем. Ал эми  аял киши катары айта турган болсом, аккордеондун салмагын эч кандай салмак деп айтпайт элем. Анткени мен ырларымды, көкүрөгүмдөн чыккан  чыгармаларды ушул аккордеон менен элге тартуулап, эл ошону жакшы кабыл алып,  туюп, угуп турган кезин мен тандап аркалаган кесибимдин кудай берген өнөрүмдүн жыйынтыгы деп билем.

           Жакшы ырды издеген учурларым болот

–Обон көп учурда мага   жакшы сөз таап алып, ошол акындардын саптарынын арасында бир жүрөктү кытыгылаган, менин айткым келген саптарды учуратып калсам, мен ошондон улам таасирленип, ошонун негизинде  жаңы обон чыгарышым мүмкүн. Ошондой эле дагы бир учурда мага жакшы кайрык келип, ошого төп келип, сабына айкалыша турган жакшы ырды издеген  учурларым да  болот. Сөзсүз кандайдыр бир жандүйнөнүн муктаждыгына жараша тема, ошол темага жараша сендеги ой толгоо ичтеги кайрыктардын чыгышы мына ошол кайсы бир көңүл толгоолоруна  туура келет деп ойлойм.

      Кайрыктарым бир ата-эненин балдарындай

–Чыгармалардын окшоштугу негизи эле бир адамдан жаралып жаткан чыгарма болбой эле кайсы бир кайрыктары менен окшошуп калышы мүмкүн. Бирок угармандар көпчүлүк  учурда ырлары окшош болуп калат деп айтышы ыктымал.  Бирок мен айтат элем, негизи эле бир туугандар бир үйдөгү бир ата-эненин балдары болгондуктан алар дагы бири-бирине   окшош сыяктуу эле биздин көкүрөктөн чыккан чыгармалардын деле кайсы бир кайрыктары балким окшошуп калышы мүмкүн. Албетте   баардык эле ыр бири-бирине окшошуп калат деген ойдон алысмын.  Антсе да  бул табияттан боло турчу нерсе.  Биз дагы обон жаратып жатканда кайра-кайра угуп,   жакын санаалаштарга угузуп, сабына сап, ыргагына ыргак, окшошуп калбагындай кылып аракет кылабыз. Бирок дээринен окшош деген деле балким кичине да болсо чындыкка жакындыр.   

  Интригага аралашпаганга аракет кылам

     –Шоу дүйнөнүн оң жана терс жактарын мен көп деле белгилеп айта албайм. Анткени обончу катары обондорду чыгарып өзүм аткарып жана аткаруучуларга берип, мен жөн гана чыгармачылык чөйрөдөн толук кайнаган казанга кирбей эле бир аз четте жүрөм. Ошондуктан өтө оң жана терс жактарын деле ачык айта албайм.  Антсе да  да көзүнө башканы айтып, артынан башканы айткандарды жактырбайм. Бизде интрига көп, ошол нерсеге аралашпаганга аракет кылам.  

      Кыялдарым дээрлик орундалды

–Менин деле кичине кездерде жакшы кыялдарым бар болчу. Эл алдында элдин купулуна толуп, жакшы өнөр инсаны болсом деген изги тилегим орундалып, кудай буюрса элдин алкоосуна, элдин батасына арзып келе жатам десем болот.  Жашоодогу  максаттарым, кылдарым дээрлик орундалды деп айта алам. Кудайым өмүр берсе мен дагы көп жакшы чыгармаларды эл журтума тартуулап, элдин адамы, элдин кызы болуп калгым келет.

Кекчилдердин катарына кирбейм

 –Жашоомдо мүмкүн болушунча кечиримдүү болгонго аракет жасайм. Жашоодо өйдө төмөн нерселер болуп турат эмеспи. Анын сыңарындай эле албетте  көңүл ооруткан учурлар болуп калат.  Эгерде бир нерсеге көңүл толбой,бир адамга  ирээнжип калсам бара-бара убакыттын өтүшү менен ал нерсе кайра өз калыбына келип, кечиримдүү болгонго аракет жасайм. Эң башкысы кек сактагандардын катарында эмесмин. Мээримдүү эле жүрөгүм бар.

          Ийгиликтин башаты-эмгек

–Ийгиликтүү айым же мырза болобу деги эле адамдардын ийгиликтүү болушунун бирден бир себеби бул эмгек деп түшүнөм. Асманды карап жатып алсаң эле ийгилик, акча, атак даңк өзүнөн өзү эле түшө бербейт да.    Ошол эле учурда берген өнөрдүн аркасынан түшүп, аракеттенип концерт берип жакшы ырларды жаздырып, аны элдин сыноосуна сынына коюп ар дайым изденип күжүрмөн эмгектин аркасында болсоң гана ийгиликтерди багындыра аласың.  Мен өзүмдү ийгиликтүү айымын деп толук түрдө айта алам.

        Жан дүйнөңүздү жакшы ырларга толтуруп кетиңиздер

   Дүйнө жүзүндө анын ичинде Кыргызстаныбызда эне, аял заты, өнөрлүү инсан катары тынчтык болгонун каалайм. Күндө ар таңда жакшы кабарды уксак деп мен дагы ниет кылам. Жалпы кыргыз элим баарыңыздарды 19-ноябрда филармонияда  өтүүчү “Канаттуу кайрыктар” аттуу өзүмдүн жеке чыгармачылык кечеме баарыңыздарды чакырам, келип көңүл черин жазып кетиңиздер. Менин ар бир аткарган, толгонуп чыгарган обондорумдун угучулары сиздерсиздер. Андыктан баарыңыздарды аманчылыкта жакшы күндөрдүн күбөсү болууга  чакырам.  Концертке мени колдоп, аккардеон кармап  обон чыгарган биздин мырзалар Абидин Темиров, Болот Токтобаев, Кубаныч Алиев, Жылдызбек Кадыркулов Максат Кулуев аттуу биздин чыгаан учурдун залкарлары мына ушул жигиттер  коштоп ушул концертимде аккордеондун коштоосунда баарыбыз жакшы чыгармаларды аткарууга азыр даярданып жүргөн учурубуз.  Андыктан келип жан дүйнөңүздү жакшы ырларга толтуруп кетиңиздер.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *