Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматынан бошотулду

   Мезгил

Баш калаадагы Октябрь районунун акими Максим Ситников кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койгону маалым болду. Шаардык бийликтин маалыматы боюнча Максим Ситников ден соолугуна байланыштуу жумуштан кетти.

Ал буга дейре 2019-жылы Бишкек мэриясында транспорт тармагын тескеген вице-мэр болуп да иштеген. Бизге жеткен соңку күбүр-шыбырларга караганда кызматтан кетчү акимдердин катары Максим Ситников менен токтобостугун, жакынкы күндөрү парламенттик шайлоого карай аттана турган бир катар акимдер креслосу менен коштошоору күтүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *