Окуучу эшикке кыпчылып каза болгон окуя боюнча автобустун айдоочусу кармалды

   Мезгил

5-класстын окуучусу эшикке кыпчылып каза болуу фактысына бйланыштуу автобустун айдоочусу камалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.

  Эске салсак, кечээ 3-октябрда  Күн-Туу айылында аялдамада автобустун жүргүнчүлөрү чыгып жаткан. Бул маалда 5-класстын окуучусунун буту арткы эшикке кыпчылып калып, ал эми муну байкабаган айдоочу ордунан жыла берген. Натыйжада бала дөңгөлөк алдында калып, алган жаратынан улам ооруканада өзүнө  келбей каза болгон. Атасы курулуш тармагында иштесе, апасы экономист болуп эмгектенет. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *