Ооругандар азайды. Бишкекте айрым стационарлар жабылууда

   Мезгил

Бишкекте айрым стационарлар ишин токтотууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

 Маалым болгондой, бул ордо калаадагы күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылган жарандардын саны кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу.

Мындан улам Октябрь районундагы «Салтанат» ресторанда ачылган түнкү стационар жана «Сейтек» мектебиндеги күндүзгү стационар ишин токтотту.

«Жал» кичирайонундагы №95 мектептеги стационар да бүгүнтөн тартып жабылат. Калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатат. Кайрылуулардын санына байкоо жүргүзүлөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *