Ормонов: Мадумаровдон түшүнүксүз жооп келип, аны колдогонума өкүндүм

  Мезгил

Вице-премьер – министрликке Акрам Мадумаров сунушталганда зор ишеним менен колдогом. Бул тууралуу бүгүн, 4 – июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

“Баткенде Өкмөттүн өкүлү болуп иштеп, чек ара көйгөйүн жакшы билет деген ишеним менен тармакты карай турган Өкмөттүн орун басары катары тандалышын колдогом. Бирок мага келген каттын жообуна карап олтуруп, жаңылганыма өкүнүп жатам. Маселен, Өкмөттүн отчету каралып, бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип жаткан маалда мен Кызыл-Туу өткөрмө жайына байланыштуу сунуш бергем. Анткени ал жерден сырье гана өтөт. Аталган жай боюнча эки жыл иш жүргөн. Бардык мекеме жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйындан соң өткөрмө жайын ачуу максаткы ылайыктуу деп табылып, бүт чыгымы жеке ишкерлерге жүктөлгөн. Эми ошол өткөрмө жайды экономикалык каатчылык маалында ачып койгула десек, Акрам Мадумаровдон түшүнүксүз жооп келип, анда бюджеттен көп каржы талап кылынаары жазылыптыр. Андыктан, вице-премьер-министр мурдагы жасалган иштерди карап туруп жооп жаза албайбы деген суроо туулду? – деди депутат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *