Ормонов министрдин орун басарына: Сиз барып 7 сомго буфеттен ысык тамак жеп келиңизчи анан айтыңыз!

   Мезгил

Билим берүү министри Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдоо менен ал өзү жакында чыгарган ата-энерлерден акча чогултпоо жөнүндөгү буйругуна каршы чыгып жатат. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңеште “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө билдирди.

«Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, андан азыртан арылыш керек. Окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго   ысык тамак жесе болобу?” деп депутат билим берүү министринин орун басары  Надира  Джусупбековага кайрылды.

Ал: “Бул бир күнгө бир жолку тамакка 7 же 10 сом  4-5 жолу тамак берилбейт” деп жооп берди.

 Надира  Джусупбекованын бул жообу депутаттын ачуусуна тийди.

“Сиз чыгып 7 сомго буфеттен  ысык  тамак алып жеп келиңизчи анан айтыңыз.  Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын», – деди ал.

Булак:Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *