Орозалиев: Алгач күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданышы керек

Мезгил

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев 30-апрелден кийин карантин узартылбаса биринчи кезекте жарандар күнүмдүк оокатын таап иштеген тармактардын иши жанданышы керектигин, алар курулуш, ТТС, такси кызматтар экенин билдирди.

Алгач күнүмдүк оокатын таап иштеген курулуш, ТТС, такси өңдүү тармактардын иши жанданышы керек. Бирок алар санитардык-эпидемиологиялык талаптарды так аткарышы зарыл. Өз убагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, жарандар беткап тагынып, ортодогу аралык сакталышы кажет.  Ошондой эле бир таксиде 2ден ашык жүргүнчү болбошу керек. Коюлган талаптар аткарылбаган учурда мыйзам чегинде жарандарын жоопкерчилиги каралат –деди Алмазбек Орозалиев

Бүгүнкү күнгө карата COVID-19 жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 656. Алардын сегизи каза тапса, 322 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылган.

326 бейтап ооруканада жатат, алардын бешөө реанимацияда.

656 адамдын 157си Ош облусунда, 147си Бишкекте, 109у Жалал-Абад облусунда, 104ү Ош шаарында, 83ү Нарын облусунда, 42 адам Чүй облусунда, сегизи Ысык-Көл облусунда жана Баткен облусунда алты адам.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. 14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулган.

Өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөт 20-24-апрель болот деп билдирген. 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *