Орозбек Опумбаев: «Атамбаев тарапташтарына 1 миңден 3 миң сомго чейин төлөгөн»

Мезгил

Бүгүн, 13-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу 7-8-августтагы окуялар боюнча маалымат жыйыны өттү. Анда УКМКнын төрагасы Опумбаев Орозбек Найманович маалымат жыйынында төмөндөгүлөрдү билдирди:

– Атамбаевди түн ичинде 70тей киши коргоп турган. Аларга 1 миңден 3 миң сомго чейин төлөп турган. Атамбаев кан көксөп, мамлекеттик төңкөрүш жасаганга даярдангандыгы тууралуу официалдуу түрдө айта алам.

7-августта атайын операция болгон эмес. «Альфа» Атамбаевге чакыруу кагазын алпаргандарды коргоо максатында барган. Буга тергөөчүнүн арызы негиз болгон. Сооронбай Жээнбеков бизге катуу талаптарды койгон. Биринчиден – курал колдонбогула, экинчиден, – катардагы жарандар жабыркабасын деген талаптарды айткан. Ал эми операцияны качан уюштуруу жагы мен өз чечимим менен кабыл алууга калтырылган – деди Опумбаев.

Ошондой эле, «Эмне үчүн 7-августта «Альфа» тобу Кой-Ташка барган?» – деген суроолор көп берилүүдө. Биринчиден, Атамбаевдин тегерегинде күч органдарынын мурдагы кызматкерлери жүргөндүктөн биз жасай турган аракеттер жарым саатын ичинде Кой-Таштагы штабга жеткирилип турган. Биздин арабызда Атамбаевдин акчасын алып, маалымат берип тургандар болгон. Ал «курал колдоном» дегенинен жөн-жай кармалбастыгы белгилүү болуп, иш-чара уюштуруу жагы каралганын кошумчалады УКМКнын төрагасы. 

– 7-августта Балыкчыда аскердик машыгуулар өтүп, «Альфанын» жарымы ал жакка жиберилген эле. Эмне үчүн Кой-Ташка 50 киши жиберилди? Атамбаев Кой-Ташта 6-күнү концерт уюштуруп, айланасында 30 чакты киши болмок. Эгерде иш чара башка күнү ишке ашырылганда Атамбаев айланасына заматта 300-400 кишини, жаш балдар, аялдар, карыяларды топтой калмак. Анда иш татаалдашып кетмек. 7-августтагы иш-чараны 4 киши гана билген. Атамбаев тарапка маалымат жеткен эмес. «Альфа» тобу чакыруу алпарган кишилерди коргоп, эгерде Атамбаев каршылык көрсөтсө гана чара колдонуп, жоопко алып келмек. Буга чейин кат алпарган ИИМдин министринин орун басарына жолугуудан баш тарткандыгын жакшы билесиңер.

«Альфачылыр» дубалдан ашып түшкөндө коркок Атамбаев коёндой болуп качты. Ал эми балдарга таш октой жаай баштады. Бул ырайымсыздык.  Атамбаев үй ичинде өзүнө бункер жасап алган.

Атамбаев боюнча иш алып барууда 5 вариант сунушталган. Анын биринчиси 7-августтагы аракеттер эле. Анын үйүнөн СВД снайпердик куралы, 2 цинк яшикте 489 даанадан миңге жакын ок, 4-5 винтовка, тапанчалар табылды. Ал кан төгүүгө камынган.

Атамбаев өз колу менен ок чыгарганын 8инде эмоцияналдуу билдирүүсүндө айткан. Ал 6 жолу ок аткан. Командир Үсөн Ниязовду өлтүрүү максатында жүрөккө аткан. Ал ошол жерден жан берген. Азыр 5 кызматкер оор абалда. Биринин көзүнө ок жаңылган. Балдарымды сактай албагандыгыма өкүнөм – дейт Орозбек Опумбаев.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *