Орозо: Орозодо анализ тапшырса болобу?

Суроо: Орозодо анализ тапшырса болобу?

Жооп: Доктор Рамазан Бути деген улуу аалым “ийненин бардыгы бузбайт” деп айткан. Албетте, ар кандай анализ тапшырууга жана ийне сайдырууга болот. Кандан анализ берүүдө да чочулоо керек эмес. Кан тапшырса, кан алдырса ооз ачылып калат дегендикке жатпайт. “Хохна” деген араб сөзүнөн которгондо ийне дегенди туюнтуп калган. Анын бир мааниси боюнча клизма кылууга болбойт. Ушул эки нерсени айрып түшүнүүдө айрым чала сабат молдокелердин айтуусу боюнча адамдар жаңылып калып жатышат.

Дары-дармек же ар кандай майларды сүйкөнө берсе болот. Бир гана ооздун, кулактын, мурундун ичине дары киргизүүгө жол берилбейт. Негизи ачка жүргөн организм күчтүү ийнени жакшы көтөрө албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча ийне албаганга же кечинде алганга аракет кылуу дурус.

 Суроо-жооптор “Бактылуулук формуласы” сайтынан алынды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *