Өкмөт башчылыкка сунушталган Михаил Мишустин деген ким? Ал Путиндин мураскериби?

Мезгил

Кечээ, орусиянын өкмөтү толугу менен отставкага кеткендиги айтылды.Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Дмитрий Медведивдин ордуна Михаил Мишустинди сунуштады. Деги эле Мишустин деген ким? Ал буга чейин кандай кызматтарды аркалаган анын өмүр баянын  айтып беребиз. Ал эми айрым маалымат булактары Мишустин Путиндин мураскериби деген бүдөмүк  божомолдоолорду жазышууда.

Белгилей кетсек, Путин буга чейин келечекте анын ордуна келе турчу адам тууралуу суроого жооп берген.  

“Абал өзгөрүп, адамга болгон талаптар дагы өзгөрүүдө. Канчалык кооздоп сүйлөгөнүбүз менен, баары бир акыркы чечимди Россиянын эли кабыл алышы керек”, — деген ал.  Путин бул тууралуу G20 саммитинин алдында Financial Times басылмасына берген маегинде билдирген.

Михаил Владимирович Мишустиндин өмүр баяны:

 Михаил Владимирович Мишустин 1966-жылы 3-мартта жарык дүйнөгө келген.

1989-жылы станок курулуш институнун аяктаган. Москванын мамлекеттик техникалык университеттин (Станкин) “автоматташтырылган проектинин системасы” кесиби боюнча окуган. 1992-жылы ушул эле институттун аспиранты болгон.

Экономикалык илимдердин доктору.

1992-жылдан 1995-жылга чейин – Эл аралык компьютердик клубдун тест лабораториясынын жетекчиси болуп иштеген.

1995-1996-жылдары –Эл аралык компьютердик клубдун генералдык башчысынын орун басарынын кызматтын аркалаган.

1999- 2004-жылдары   Орусия өлкөсүнүн салык чогултуу министринин  орун басары болгон.

2004-жылдан 2006-жылга чейин Федералдык агенствонун кыймылсыз мүлк обьектилерин кадастр бөлүмүнүн башында турган.

2007-2008-жылдары Федералдык агенствонун өзгөчө экономикалык аймактар боюнча жетекчилик кылган.

2008-жылдын март айында  UFG аттуу компанияга (“ОФГ Инвест”) Орусияданы бирден бир ири активдүү түз инвестиция кылган мүлк башкаруучу, мындан тышкары инвестициялык фондто Deutsche Bank менен биргеликте иш алып барган компанияга президент болуп дайындалган.

2010-жылдын 6-апрелинде федералдык салык кызматына жетекчи болуп дайындалган.

Михаил Мушистин- монаграфиянын маалыматтык технологиялык механизминин мамлекеттик салык администрациясы жана монаграфиянын маалыматтык технологиялык негиздери администрациялык мүлктөрдүн салыгынын автору.

2 рангдагы салык кызматынын учурдагы мамлекеттик кеңешчиси.

2015-жылы IVдаражадагы “Ата-Мекен алдындагы кызматы үчүн” деген орден менен сыйланган.

2012-жылы “Ардак” медалы менен сыйланган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *