ОШ: 12 өлкөнүн 50 спортчусу чемпиондук кур боюнча күч сынашты

Мезгил

Ош шаарында WEF 89 GLOBAL-15 спортук мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирди.  Аталган мелдешке Украина, Сербия, Белерисия, Босния, Казакстан өңдүү 12 өлкөдөн 50 спортчу 11 салмак категориялары боюнча күч сынашышты.

Спорттук мелдештин ачылышына Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, КР кикбокс федерациясынын президенти, “Гермес Профи” спорт кулбунун негиздөөчүсү Александр Воинов, Бүткүл дүйнөлүк Эр таймаш (World Ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев, “Ахмат”  Азиа лигасынын президенти  Надыр Кадыровдор катышышты.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *