«Ош» базарында коронавирус жуктурган учур катталды. Базар жабылабы?

   Мезгил

Бишкек шаарындагы «Ош» базарында коронавирус жуктурган учур катталды. Бул тууралуу бүгүн,  онлайн маалымат жыйында вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында учурда “Ош” базарын дагы жабуу маселеси каралууда.

“Базарларда учурлар көбөйө берсе жабууга аргасыз болобуз”, – деди Азиз Алымкулов.

Белгилей кетсек, коронавирус   жугузуп алган жарандардын көбөйүп жатканына байланыштуу шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун сунушу менен “Орто-Сай” базарынын иши 10-июндан 13-июнга чейин дезинфекциялоо чаралары үчүн убактылуу токтотулду.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *