Ош: Чет өлкөдөн келген кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алгандыгын жашырган

  Мезгил

Чет өлкөдөн келген кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алгандыгын жашырган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, Россиядан апрель айында Ош облусундагы айылдардын биринде жашаган кыргызстандык келген.

 Коронаврусту жуктуруп алып, оорусун жашырган жаранга кылмыш иши козголду. Ал жаран оорусун жашыргандан улам анын үй-бүлөсүнүн бир мүчөсүнө илдет жуккан. Дагы туугандарынын ичинен 10 адам обсервацияга жаткырылган.

 Белгилей кетсек,  25-мартан бери илдетти жуктуруп, оорусун жашырган 3 факты катталган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *