Ошто 11-класстын бүтүрүүчүлөрү кырсыкка кабылды. Кырсыктан 4 окуучу жабыркап, бирөө оор абалда (фото)

 

Мезгил

Кечээ, 24-майда саат 18:00 чамасында Ноокат районунун Кулатов айыл аймагына караштуу Ак-Чал айылынын 11-классынын окуучулары жол кырсыкка кабылып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облусунун ОИИБден билдиришти.

  Маалым болгондой 11-класстын бүтүрүүчүсү атасынын «Хонда Жазз» үлгүсүндөгү унаасын уурдап айдап чыгып, жолдон 3 классташ кызын салып кеткен. Катуу ылдамдык менен келе жаткан окуучулар жол четиндеги мал сарайды сүзүп жол кырсыгына кабылышты.

Жыйынтыгында 4 окуучу Ноокат аймактык ооруканага жеткирилген. Кызыл-Кыя шаардык оорукананын билдирүүсү боюнча бир окуучу кыздын  абалы оор,  учурда жандандыруу бөлүмүндө. Калган бүтүрүүчүлөрдүн  абалы азыркы  канаттандыраарлык деп бааланууда. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Билим берүу  министри бүтүрүүчүлөргө майрамдык кече өткөзүүгө тыюу салган.  Ошондой эле жол инспекторлору акыркы коңгуроо жана бүтүрүү кечеси алдында ата энелерге кайрылуу жасап, ата-энелерди акыркы коңгуроодо балдарына унаа бербөөгө чакырган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *