Ошто бала бакчада 3 жаштагы кыз чарчап калды. Ата-эненин тарбиячыларга доосу жок

Мезгил. 

Ош шаарындагы №40 бала бакчанын тарбиялануучусу чарап калды. Милиция кылмыш ишин козгобой турганы белгилүү болду.

Аймактык ИИБдин маалыматына караганда, кыз 3 жашка чыккан. Ата-энеси милицияга арыз жазышкан эмес жана соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Маалым болгондой, кыз талма оорусу менен жабыркаган, бирок ата-эне кызын бала бакчага албай коет деп коркушуп, бул тууралуу мектепке чейинки билим берүү мекеменин жетекчилигин кабардар кылышкан эмес.

Бала бакчанын жетекчисинин айтымында, кыздын энеси тарбиячыларга эч кандай доо койгон эмес. Кыз ушул жылдын февраль айынан тартып бала бакчада тарбиялана баштаган.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *