Ошто мектеп окуучуларынын жол киреси 5 сомго көтөрүлдү

   Мезгил

Ошто мектеп окуучуларынын жол киреси 5 сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мындай чечим шаардык кеңештин бүгүнкү отурумда кабыл алынды. Токтом чыккан күндөн тарта күчүнө кирет. Бул маршруттук таксилерге гана тиешелүү, ал эми муниципалдык автобус, троллейбустарда окуучулар 2020-жылга чейин 1 сомдон эле төлөйт.

Кийинки  жылдан тартып муниципалдык транспортто жүрүү мектеп окуучулары үчүн 3 сом болот.

Эске салсак, Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы  1 сом болчу.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *