Ошто окуучуларга жол кире 3 сомго көтөрүлөт

  Мезгил

Ошто эмки жылдан тартып окуучуларга жол кире 3 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу  Ош шаарынын депутаттар кеңеши тиешелүү токтомду кабыл алышты.

Ага ылайык, 1-январдан тартып окуучулар автобус-троллейбустарда 1 сомдун ордуна 3 сом төлөп калышат. Маршруттук таксилерде 5 сом бойдон калат.

Белгилеп кетүүчү нерсе, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн балдар муниципалдык унааларда бекер жүрө берет. Бул максатта социалдык кызматкерлер аларга атайын күбөлүк беришет.

Мындан тышкары, жалпы жашоочулар үчүн автобус-троллейбустарда жол кире валидаторлор аркылуу төлөсө, 8 жана 6 сомду, накталай түрдө 10 сомду түзөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *